“Ата-Журт”: Төрага Асылбек Жээнбеков мыйзамды бузууда

“Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мыйзамды бузууда”, - деп оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында анын лидери Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча төрага өзүнүн иши тууралуу отчетту депутаттар алдында 1-октябрда эле тааныштырышы керек болчу. “Чындыгында ал эки отчет менен тааныштырышы керек болчу – өзүнүн ишмердиги тууралуу жана финансы боюнча. Отчеттун жыйынтыгы боюнча депутаттар ага ишеним көргөзүп, көргөзбөө боюнча өз позициясын айтышы керек болчу”, - дейт Абдылдаев.

Эл өкүлү Ахматбек Келдибеков төрага жыйындын жүрүшүндө да мыйзам бузуп атканын айтат. Ал мисал катары мыйзам долбоорлоруна добуш берүү процедурасын келтирди. “Биздин мыйзам долбоорго добуш берүүдө кээси жетишпей калып, ал мыйзам долбоору өтпөй калууда. Кийин биз аны кайтадан добушка коюуну суранып атабыз, бирок төрага бизди тоготпой атат. Мисалы, КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина добуш берүү күнү ордунда жок болуп калса, анын мыйзам долбоорун кайтадан добуш берүүгө коюп атат. Кош стандарттуулук колдонулуп атат”, - дейт ал.

Келдибеков ошондой эле ал төрага болуп турганда КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева көшөрүп туруп отчетту талап кылганын баса белгиледи. “Азыр анын бул маселеге иши да жок”, -деп белгилеген Келдибеков төрагага ишенбөөчүлүк вотумун көргөзүү керек дейт. Анын айтымында, тийиштүү катты фракция лидери Абдылдаев даярдашы керек.

Ал эми Курманбек Осмонов, Конституция боюнча бардык 5 вице-спикер тең оппозициядан болуш керектигин белгилеп, аталган маселени пленардык жыйында көтөрө турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД