Чыныбай Турсунбеков: Депутаттар премьерге ишенбөөчүлүк боюнча вотумду колдошпойт

Көпчүлүк депутаттар премьер-министрге ишеним көргөзбөө вотуму боюнча демилгени колдошпойт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, азыр премьердин отставкасын талап кылуу маалы эмес. Жаңы өкмөткө министрлер кабинетинин жаңы курамын иштеп чыгууга убакыт берүү кажет. Ал ошондой эле өкмөттүн программасы тааныштырыла электигин айтты.

Эскертсек, 13-декабрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов премьер-министрге ишеним көргөзбөө боюнча парламентте кол топтолуп атканын билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД