БШК: Кээ бир айылдарда жергиликтүү кеңешке кайра шайлоо болушу мүмкүн

“Мен кээ бир айыл округдарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда аягына чейин турам”, - деп БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Жураева бүгүн билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуу катталган бир катар айылдардагы добушту өз алдынча саноого туура келген.

Журабаева, шайлоону болгон жок деп таануу учурунда эки жума ичинде БШК тийиштүү округдарда кайта шайлоону белгилеши керек, - дейт.

Эске салсак, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айыл округунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД