Бишкек шаардык соту Ташиевди бошоткон жок

Бишкек шаардык соту Биринчи Май ройондук сотунун “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасы боюнча чечимин күчүндө калтырып, аны МУККнын тергөө абагында 3-январга чейин калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын арызын канааттандырган эмес.

Эскертсек, Ташиев 4-октябрда камакка алынган. Биринчи Май жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен аны камакта калтыруу чечими кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД