Экономика министрлигинин иликтөөсү: Компаниялардын 2/3ү айлыкты конвертте берет

Экономика министрлигинин алдын ала иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда ишканалардын 43,7% көмүскөдө, ал эми жеке ишкерликтин 34 пайызы көмүскөдө. Бул тууралуу бүгүн ишкерлерди текшерүү боюнча тегерек столдо экономика министри Темир Сариев билдирди.

Ал көмүскөдөгү субъектер салык төлөбөй мамлекетке чоң зыян алып келүүдө деп белгиледи.

Айлык акы маселеси тууралуу айткан министр компаниялардын 67,7% кызматчыларын каттоого албай, айлык акыны конверт менен төлөгөндүктөн Соцфондго эч кандай акча төлөбөйт деди.

Иликтөөлөр көргөзгөндөй, экспорт жана импорт боюнча төмөндөтүлгөн бажы ставкасы менен 54 пайыз товар кирет. Орточо эсеп менен бажы ставкасы 17%га төмөндөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД