Соцфонд Бакиевди пенсиясын алууга чакырды

Курманбек Бакиевдин пенсиясы ал Кыргызстанга келгенде төлөнөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун тышкы байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Муканбетов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттен чыгып кеткен жана анын аймагында жашабаган кишиге пенсия төлөнбөйт. “Пенсияны Кыргызстанда жашаган жана салыктарды төлөгөн гана киши алат”, - дейт Муканбетов.

Ал Бакиев Кыргызстандан 2010-жылы чыгып кеткенин айтты. Ал убакта Бакиев 60 жашта болчу. Мыйзам боюнча пенсия 63 жаштан баштап төлөнөт. “Пенсияга эрте чыгууну караган беренелер бар, бирок ал андай арыз менен кайрылган эмес, - дейт Муканбетов. – Бакиев КМШ мамлекеттеринин эларалык макулдашуусуна ылайык кайсыл мамлекетте жашаса ошол жактын пенсиясын ала алат. Ал жактан ал тийиштүү органдарга арыз менен кайрылып жана Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеген стажына карап пенсия ала алат”.

“Биз ага пенсиялык фонддун төлөмдөрүн которо алабыз. Ал айлык акысынын 2%ын түзөт. Мыйзам 2010-жылы кабыл алынган, бирок ал жакта сумма өтө деле көп эмес. Каражат тууралуу маалымат конфеденциалдуу болуп эсептелет. Курманбек Салиевич бизге расмий түрдө гана кайрылганда биз каражатты которо алабыз”, - дейт Муканбетов.

Ал Белорусиянын президенти Александр Лукашенко КРдин экс-президентинин пенсиясын которууну сураганын кошумчалады. Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Курманбек Бакиев Аскар Акаев сыяктуу КРдин экс-президенти деген статустан айрылганын айтат. Бүгүнкү күнү экс-президент деген статус Роза Отунбаевада гана бар.

“Экс-президенттин пенсиясы айлык акысынын 75 пайызын түзөт. Бирок биз башкы командачынын айлык акысы тууралуу маалыматты билбейбиз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Муканбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД