Куткаруучулар Бишкектеги үйлөрдүн биринен эркек адамдын сөөгүн табышты

Борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйдөн куткаруучулар 74 жаштагы үй ээсинин сөөгүн табышкан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, дем алыш күнү үйдүн жашоочулары милицияга кайрылышкан. Кире бериштен алар жаман жыт жыттана баштаганын айтышкан. Коңшулардын айтымында ал жерде пенсионер жалгыз жашачу. Акыркы бир канча күндөн бери ал сыртка чыкпай калган.

Эшикти сындырып кирүү үчүн куткаруучулардын жардамы керек болгон. Бөлмөлөрдүн биринде үй ээсинин сөөгү табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча үй ээсинин каза болгонуна бир жумадай болуп калган. Анын денесинен криминалисттер кандайдыр бир кыйноонун элементтерин тапкан эмес. Өлүмдүн себебин тийиштүү органдар аныкташмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД