Шаардык сот Равшан Сабировдун ишин 26-декабрда карайт

Бишкек шаардык соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун кылмыш ишин 26-декабрда карайт. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов бүгүн, 17-декабрда, “ВБ”га билдирди.

Буга чейин 21-ноябрда Биринчи Май райондук соту экс-министрди тагылып аткан бардык айыптар боюнча актаган. Анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедовду мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.

Эскертсек, 5-июлда МУККнын кызматкерлери Сабировду италиялык эл аралык балдарды асырап алуу боюнча уюмдан ири өлчөмдөгү пара алган деген шек камакка алган. 4-июлда пара алып аткан жеринен жардамчысы Тахир Мирзаахмедов кармалган. МУККда сурак учурунда ал пара министрге бериле турганын айткан.

25-августта Бишкек шаардык соту Сабировдун жети депутаттын кепилдиги менен убактылуу тергөө абагынан бошоткон.

5-сентябрдан баштап Биринчи Май райсотунда Сабировдун ишин кароо башталган.

3-октябрдагы сот отурумунда Мирзаахмедов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Ал акча министрге берилбей турганын айта баштаган.

Экс-министрдин иши боюнча мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков Сабировду бардык мүлкүн конфискацияга алуу менен аны 15 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесүүнү сураган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД