Сатыбалдиевден энергетика министрин жумуштан алууну талап кылышты

“Жогорку Кеңештин депутаттары энергетика министринин отставкасын талап кылуулары керек”, - деп Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү жарандардын 50%ын үйүндө жарык жок болсо, 90%ында газ жок. “Энергетика министри Автандил Калмамбетов бул үчүн жооп бериши керек. Биз бүгүн эле анын отставкасын талап кылышыбыз керек. Премьер-министр Жантөра Сатыбалдиев аны дароо жумуштан кетириши керек”, – дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД