Өкмөт антикризистик программаны иштеп чыкты

Кыргызстандын өкмөтү антикризистик программаны иштеп чыкты. Ал депутаттардын эскертүү жана сунуштарын эске алуу менен кайтадан иштелип чыккан жана министрлер кабинетинин жыйынында бекитилген. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда, өкмөттүн басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт өзгөчө көңүлдү колдонуучу экономикадан инвестициялыкка өтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. “Өкмөт улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга болгон күчүн жумшап, жана инвестицияны “кыркууга” болгон аракетти четтетүүгө көңүл бурууда”, - деп маалымдалат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн Жантөрө Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД