Кыргызстанда өндүрүштүн өсүшү 2,6 эсеге кыскарды

2012-жылдын январь-ноябрь айларында өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүшү (Кумтөр алтын кенин иштеткен ишкананы кошпогондо) 7,5%ды түзгөн. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттүн 100 күндүк ишине арналган докладында айтылат.

Ведомстводон билдиргендей, 7,5 %дык өсүш деңгээли тоо-кен иштетүү тармагындагы өсүштөн жана текстиль, тигүү өндүрүшү, түрдүү минералдык продукцияларды өндүрүү жана электр энергиясын өндүрүү менен бөлүштүрүүдөн улам болгон.

“Өткөн жылга салыштырмалуу өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темпи 2,6 эсеге төмөндөгөн”, - деп айтылат отчетто.

Эскертсек, 15-декабрда Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД