Өкмөт: 2012-жылы ИДП 3,4%га төмөндөгөн

2012-жылдын январь-ноябрь айынын жыйынтыгы менен Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү алдын ала баалоо боюнча 262,3 млрд сомду түзгөн. Ошол эле учурда ИДПнын чыныгы төмөндөөсү 3,4 % болгон. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттүн 100 күндүк ишине арналган докладында айтылат.

Докладда белгиленгендей Кумтөр кенин иштеткен мекемени кошпогонда ИДПнын өсүшү 4% гана болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинда бул көрсөткүч 6% болчу.

Эскертсек, 15-декабрда Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД