2012-жылы Кыргызстан 125 млн долларлык текстиль продукциясын экспорттогон

2012-жылы Кыргызстан 125 млн долларлык текстиль продукциясын экспорттогон. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттүн 100 күндүк ишине арналган докладында айтылат.

Отчетте белгиленгендей, алтын өндүрүүнү кошпогондо экспорт 28%га көбөйүп 992 млн долларды түзгөн. Мындай өсүш негизинен текстиль продуктуларынан улам болгон.

“Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда 2013-2015-жылдары өндүрүштүн өсүшү жылына 5% деп күтүлүүдө”, - деп айтылат документте.

Андан сырткары, отчетко ылайык, импорт негизинен транспорт, машина жабдыктарынын киришинен улам көбөйгөн. “Импорт 29,4%га көбөйүп, 4 млрд 309 млн долларды түзгөн”, - деп жазылат документте.

Кыргызстандын эларалык резервинин көлөмү 2012-жылдын 31-октябрына карата 1 млрд 947 млн 300 миң долларды түзгөн. Жыл башынан бери 112,8 млн долларга көбөйгөн.

Эскертсек, 15-декабрда Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД