Вице-премьер Сарпашев газ боюнча сүйлөшүү үчүн Казакстанга барат

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев газ маселеси боюнча сүйлөшүү үчүн Казакстанга барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аргардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди.

Анын айтымында, үч күн мурда Казакстан Кыргызстанга келип аткан газды үч эсеге кыскарткан. “Мына ушундан улам газ Жумушчулар шаарчасында, Маевка айылында, “Орто-Сай” вип-шаарчасында, Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын төмөнкү аймагы газы жок калган”, - дейт чиновник.

Вице-мэр "Бишкек ТЭЦи толук кандуу иштеп, борборду жылуулук менен камсыз кылууда",- деди.

Ал газ берүү толугу менен качан калыбына келе турганы так эместигин кошумчалады. “Энергетика министри аталган маселе боюнча премьер-министр менен сүйлөшкөнүн айтты жана вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев газ маселеси боюнча сүйлөшүү үчүн Казакстанга бара турганы чечилди”, - дейт Имашов.

Ал ошондой эле газ өчүрүлгөндүктөн дем алыш күндөрү электр энергиясын колдонуу көбөйгөнүн айтып, 15 трансформатор күйүп кетти дейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД