Премьер-министр: Кыш күтүүсүздөн келди

“Кышында газ маселеси болуп келет. Биз көз карандылыктан арылышыбыз керек”, - деп бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз жетекчилигиндеги өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып атып билдирди.

Өкмөт сентябрь, октябрь жана ноябрь айларында жылытуу сезонуна даярданганын белгиледи.

“Мурдагыдай эле кыш күтүүсүздөн келди”, - дейт ал.

Эскертсек, “Казтрансгаз” акционердик коому Кыргызстанга маал-маалы менен жаратылыш газын бууп келет. Премьер журналисттердин Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү токтотуп кое алабы деген суроосуна, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД