Премьер-министр кыргыз тилин билбеген кызматкерлерди жумуштан кетирүүгө каршы

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз тилин билбеген кызматкерлерди жумуштан алуу боюнча парламент депутаттарынын демилгесин колдобойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып атып билдирди.

“Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча көйгөй бар, бирок бул баарын жумуштан алуу керек дегендикке жатпайт. Мен депутаттарга кызматка лингвисттерди эмес, адистерди алам деп айткам”, - дейт ал.

Премьер-министр биринчи кезекте мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн шарт түзүү керек деген өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин позициясы менен макул.

“Расмий тил мамлекеттик тил менен бирдей болот”, - деп кошумчалады Сатыбалдиев.

Эскертсек, 13-декабрда депутаттар мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүүсүн жана иш өндүрүшүн кыргыз тилинде алып барууга милдеттендирген Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизүүнү биринчи окууда кабыл алган. Нормаларды бузгандарга айып пулдан баштап ээлегин кызматынан алууга чейин каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД