Өкмөт кышка даярдык көрүү боюнча өз ишин ийгиликтүү деп эсептейт

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында өкмөт өз маалында министрлик менен ведомстволордун отун даярдоодо артта калуусун жоюу боюнча аракеттерди көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгы тууралуу отчетунда айтылат.

Отчетко ылайык, министрлер кабинети дээрлик бардык министрлик, ведомство жана “Кыргызжилкоомунсоюз” мамлекеттик ишканасына отун даярдап алуу үчүн каражат бөлгөн.

“Жыйынтыгында жылуулук берүү сезону өз маалында башталды. Бардык жылытуучу жабдыктар штаттык режимде иштеп атат. Газды берүүгө чектөө киргизгенде дагы меш казандар иштеп, резервдик отунга өттү”, - деп айтылат докладда.

Эскертсек, 15-декабрда Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД