Булак: Эксперттер Мотуевдин иши боюнча корутунду чыгаруудан коркуп атышат

Эксперттер Мотуевдин иши боюнча корутунду чыгаруудан коркуп атышат. Ал 21 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы булак “ВБ”га билдирди.

Милиционердердин айтымында, тергөөчү жапа чеккен тарап менен айыпталуучуга үч экспертиза белгилеген – соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана бир гана Мотуевга – соттук психиатриалык.

“Соттук-медициналык экспертизадагы ак халатчандар корккондуктан жыйынтыгын бере албайбыз дешүүдө жана комиссиялык тартипте эки эксперттин катышуусунда дагы бир жолу экспертиза өткөрүүнү суранышууда”, - дейт милиционер.

Андан сырткары, учурда Мотуев укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте экспертиза өткөрүү үчүн республикалык психиатриалык ооруканада жүрөт. Ошондой эле бул экспертизага дагы бир экспертти кошууну суранышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД