Өкмөт: Талды-Булак Сол жээк кениндеги иш 2013-жылдын аягында башталат

Талды-Булак Сол жээк алтын кениндеги иш 2013-жылдын аягында башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Эскертсек, кенди “Алтынкен” ЖЧКсы иштетүүдө. 2012-жылдын күзүндө кенге жакын жайгашкан Орловка шаарынын тургундары компаниянын дарыяга жакын жерге уулуу заттардын сактоочу жай курабыз деген ниетине нааразычылык билдиришкен.

Отчетте ошондой эле Жалал-Абат облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын кенин иштетүүчү компаниялар мыйзамды одоно бузгандыктан иши токтотулган деп айтылат.

100 күн боюнча отчетте Кумтөр кени да камтылган. “Кийинки жылы кумтөр кени стабилдүү иштейт деп үмүттөнөбүз. Эгер “Кумтөр” кийинки жылы 18 тонна алтын казып алса, ИДПнын өсүшү 7 пайыз болот”, - деп өкмөттөн ишендиришүүдө.

Андан сырткары отчетте “Жерүй” алтын кениндеги ишти калыбына келтирүү боюнча долбоор тууралуу да айтылган.

Эскертсек, 15-декабрда Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенине 100 күн толду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД