Кышка даярдык начар болгондуктан президент менен премьер отставкага кетиши керек

“Бийлик өкүлдөрү калкка газ берүүнү жана электр жарыгын массалык өчүргөндүгү үчүн отставкага кетиши керек”, - деп “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков 17-декабрда “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев газ берүүнүн үзгүлтүккө учурагандыгы жана элге берилген электр жарыгынын массалык түрдө өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу отставкага кетиши керек.

“Премьер отставкага кетсин, анткени ал “Кыргызгаз” менен энергетика министрин жөнгө сала албай атат”, - дейт депутат.

Келдибеков “Кыргызгаз” менен Энергетика министрлигинин жетекчилери мамлекет башчынын кадрлары болгондуктан премьерге баш ийбей атат деп белгиледи.

“Кыргызгаз” менен Энергетика министрлигинин жетекчилери отставкага кетсин. Ошондой эле бийликтин бардык бутагы – президент, премьер-министр отставкага кетиши керек, анткени алар өз милдеттерин аткара алышкан жок. Кышында элди жарыксыз, газсыз жана жылуулуксуз калтырды”, - деген оюн билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД