Бишкекте жана Чүй облусунда эки күндө 8 селсаяк тоңуп өлдү

Бишкекте жана Чүй облусунда дем алыш күндөрү сууктан 8 селсаяк тоңуп өлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен “ВБ”га билдиришти.

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, 16-декабрда борбор калаанын Биринчи Май районунда, “Кызыл-Аскер” кичи базарынын аймагынан, Дэн Сяопин преспектисинен тоңуп калган эркек кишилердин сөөгү табылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Литовск көчөсүндөгү жылуулук трассасынан аялдын тонгон денеси табылган. Анын денесин текшерүүгө алганда, аны иттер тиштеп жегенге үлгүргөнү аныкталган.

Ысык-Ата районунда көчөдө тоңуп калган эки эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми Кантта үшүк алып кеткен адам аймактык ооруканага жеткирилген, бирок ал эсине келбей каза болгон. Кемин районунун Чымкоргон районунда каналдын жээгинен суукка тонгон аялдын сөөгү табылган.

15-декабрда Бишкектин Фучик паркында жайгашкан түнөк жайга суукка катуу тонгон адам келип, ал жерден каза болгон.

Ушул эле күнү Свердлов районунда карыган эки адам үйүн отун менен жылытууга аракет кылып, чыккан иске ууланып каза болгон. Кийин белгилүү болгондой мештин абалы абдан начар болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД