Премьердин маалымат-катчысы өкмөттүн кадрдык саясатына болгон сынга жооп берди

Кыргызстандын премьер-министринин маалымат-катчысы Мелис Эржигитов премьер тарабынан жүргүзүлүп аткан кадрдык саясат менеджментти жакшыртууга багытталганын 17-декабрда “ВБ”га билдирди.

“Өкмөт башчы абдан чоң кадрдык саясат жүргүзүп атат деп айтууга болбойт. Кайра түзүүнүн жыйынтыгында КР өкмөтүнүн аппаратындагы 15 киши ээлеген кызматынан бошоп, ошондой эле саясый кызматты аркалаган дагы 22 киши жумушунан алынган. Кызматтан алынгандардын арасында кээ бир депутаттардын балдары, кыздары, туугандары жана тааныштары бар. Албетте, алар ар бир мүмкүнчүлүк болгон жерде бүгүнкүдөй премьерди сынга алышат”, - дейт Эржигитов. Ал андан сырткары Сатыбалдиев бошогон орундарга “чыныгы адис жана менеджерлерди койду, алар өз багыттары боюнча жакшы жыйынтык беришүүдө”, - деп кошумчалады.

Маалымат-катчы ошондой эле премьер-министр “микрофон иштебей калгандыктан кызматкерлерди эч качан жумушунан албаганын” билдирди.

Эскертсек, буга чейин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова премьер-министрдин кадрдык саясатын катуу сынга алган эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД