2012-жылы Бишкекте ымыркайлардын өлүмү азайган

2012-жылдын 11 айында Бишкекте төрөлгөндөрдүн көрсөткүчү 2,3%га көбөйгөн. Жалпы жана ымыркайлардын өлүмү 5,5 жана 6 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Бишкектин саламаттыкты сактоо департаменти билдирди.

Энелердин өлүмү боюнча 5 учур катталган. Бул көрсөткүч 2011-жылдын деңгээлинде сакталган.

2012-жылдын 11 айында шаардык балдар клиникалык ооруканасына ур-токмокко кабылган 46 бала кайрылган. Алардын 32си ооруканага жаткырылган, 14 балага амбулаториялык жардам көргөзүлгөн. Булар боюнча тийиштүү райондук ички иштер бөлүмүнө билдирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД