Депутат Казакстандагы миграциялык көзөмөл катуулаганын айтты

2013-жылдын 1-январынан тарта Казакстанда миграциялык көзөмөл катуулайт. Бул тууралуу 18-декабрда “Миграциялык саясат: иштеген мигранттардын укугун, кызыкчылыгын жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн коргоо” аттуу конференцияда депутат Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, жашагандыгы тууралуу документ жана ишкердик патент алуусу милдеттендирилет. Бул Белорусия, Кыргызстан жана Орусия жарандарына тиешелүү. Мыйзамсыз ишкердик кылган мигрант товары конфискацияланып жоопко тартылат.

Орусия федерациясынын мыйзамдарынын катуулашы боюнча айткан депутат орус тили боюнча экзамен маселеси ал жакка барганга чейин чечилет деген ойдо.

Кыргыз-Орус Славян университетинде, Кант жана Ош шаарларындагы Казань университетинин филиалдарында окутуу пландалууда. Ушуга байланыштуу депутат келечекте Казак технологиялык университетинин филиалын ачуу колдоого алынарын кошумчалады.

“Эмгек мигранттары кепилденген медициналык кызмат пакетин алуулары керек. Ошондо гана алар тез жардам кызматынан пайдаланганга укук ала алышат. Андыктан ыктыярдуу медициналык камсыздоо системасын киргизүү керек. Эгер 50 миңден ашуун камсыздандыруу кабыл алса миң рублга өз кызматын сунуш кылган компаниялар бар. Бирок бул маселе менен эч ким иштеген жок”, - дейт Ниязалиева. Депутат ошондой эле пенсиялык төлөмдү төлөө системасын да иштеп чыгуу керек деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД