Ош базарындагы “Берекет-Гранд” соода борборунан тери тон уурдалды

Ош базарыедагы “Берекет-Гранд” соода борборунан аялдар үчүн тигилген тери тон уурдалды. Бул тууралуу шаардык ИИББнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарына 56 жаштагы ишкер айым кайрылган. Эки сааттай мурун Ош базарындагы “Берекет-Грант” соода борборунан белгисиз бир кыз аялдар үчүн тигилген тери тонду уурдап кеткен.

Изи сууй элегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 18 жаштагы кыз кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД