Бишкекте гепатит вирусу менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Бишкекте гепатит вирусу менен ооругандардын саны кескин өсүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу аталган оору менен ооругандардын саны быйыл үч эсе өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, Бишкектин Мамлекеттик санитирдык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачынын орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди.

Ал өткөн жылы (2011-жыл) борбор калаада ооругандардын саны 900 болгон болсо, 2012-жылы 2 673 учур катталганын кошумчалады. “Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар арасында гепатит менен ооругандардын саны 9 эсеге өскөн. Вирус жуккандардын 73%ы - балдар”, - дейт ал.

Башкы врачтын орун басарынын айтымында, алар оорунун көбөйүп аткандыгын билишкен жана керектүү чараларды көргөн.

Ал ошондой эле вирустун белгилери 35 күнгө чейин байкалбашы мүмкүндүгүн белгиледи. Оорунун белгилери катары ал дене табынын көтөрүлүшү, заара жана заңдын өңүнүн өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты.

“Бул вирус циклондук мүнөзгө ээ, анын эң жогорку жеткен чеги 2012-жыл болду”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД