2012-жылы милиционер катышкан жол кырсыгынан 15 киши каза болгон

2012-жылы милиционер катышкан 63 жол кырсыгы катталып, анда 15 киши каза болуп, 115и түрдүү жаракаттарды алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, “Кыргызстандагы жол кыймылы коопсуздугунун абалы жөнүндө” аттуу парламенттик угууда ИИМдин жол-көзөмөл кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкекте укук коргоо органынын кызматкерлери катышкан 28 жол кырсыгы катталган. Анда эки жаран каза болуп, 31 жаран түрдүү жаракат алышкан. Ош шаарында болсо катталган 9 жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 9 киши жаракат алган. Ал эми облус боюнча 7 жол кырсыгы катталып, үч адам каза болсо, 24ү түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Чүй облусунда 9 жол кырсыгы катталып, анда эки жаран каза болуп, 14 адам жаракат алган. Нарын облусунда үч жол кырсыгы болуп, 9 адам жабыркаган. Талас облусунда, бир жол кырсыгы катталып, бир жаран жаракат алган. Ысык-Көлдө – 2 жол кырсыгы, 2 адам каза болгон жана бир киши жаракат алган. Жалал-Абат облусунда болсо – 9 жол кырсыгы, 5 адам өлгөн жана 26 киши түрдүү жаракат алышкан. Бир гана Баткен облусунда милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы катталган эмес.

Катталган бул жол кырсыктарынан милициянын 7 кызматкери каза болуп, 34ү түрдүү деңгээлдеги жаракат алышкан. 2012-жылдын башынан бери Кыргызстандагы милиция бөлүмдөрүнүн 28 кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылган. Жол эрежесин бузгандардын арасында ИИМ академиясынын курсанты Б.Узакбаев да болгон. Ал “Лексус 570” (Мамлекеттик номери В9669АА) үлгүсүндөгү унаа менен жол эрежесин бузган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД