Гепатит А вирусу күч алгандыктан Бишкектеги 7 бала бакчада карантин жарыяланды

Ведомствонун маалыматына ылайык, гепатит менен ооруган 2 673 кишинин 73%ы балдар.

Бишкектеги 7 бала бакча гепатит А вирусу күч алгандыктан карантин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда. Бишкектин Мамлекеттик санитирдык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачынын орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди.

“№152 жана №186 эки бала бакча жабылды. Ал эми 5 бала бакчада карантин жарыяланды. Бала бакчалар качан гана ар бир группада вирус жуккан балдардын саны бештен ашканда жабылды”, - дейт ал.

Башкы врачтын орун басары вирустун жайылышын балдар мекемелериндеги санитардык нормалардын сакталбагындыгы менен түшүндүрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, гепатит менен ооруган 2 673 кишинин 73%ы балдар.

Санитардын айтымында, балдарды гепатитка каршы эмдөө керек. “Эки вакцина алып келүү кажет. Ар бир балага кете турган дарынын наркы 4 миң сомду түзөт. Биздин мамлекет андай кымбат вакциналарды сатып ала албайт”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД