Нурдин Тынаев: Чет жакта жүргөн мигрант аялдардын өлүмү өсүүдө

Чет жерде жүргөн мигрант аялдардын өлүмү өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, миграциялык саясатка байланышкан конференцияда Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын өлкөгө чет жакта каза болгон кыргызстандыктардын 400дөй сөөгү келет.

“Эгер мурда каза болгондор көбүнчө эркек кишилер болсо, азыр чет жакта каза болгон эркек менен аялдын саны теңме-тең. Бул деген аялдардын өлүмү көбөйүүдө дегенди түшүндүрөт”, - дейт Тынаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД