Президенттик кортеждин жүрүү графигин өзгөртүү пландалууда

“Биз мамлекеттик коргоо кызматына жарандардын ыңгайлуулугу үчүн президенттик кортеждин жүрүү графигин өзгөртүү боюнча сунуш киргиздик”, - деп бүгүн, 18-декабрда, “Кыргызстандагы жол коопсуздугу кыймылынын абалы” аттуу парламенттик угууда КР ИИМдин Жол-көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, президенттик кортеждин өтүү маалында көптөгөн жарандар ыңгайсыздык жаралып аткандыгы тууралуу даттануулары менен кайрылган. Ушуга байланыштуу жол-көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери КР президентинин жардамчысынын атына, Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасына президенттик кортеждин жүрүү эрежесин жарандардын жолдоо жүрүүсүнө тоскоол болбой турган ыңгайлуу убакка жылдыруу боюнча сунуш киргизишкен.

“Аталган маселе каралууда жана буюрса жакынкы күндөрү чечилип калат деп үмүттөнөбүз”, - деп Исаев сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД