Депутаттар өздөрүнүн айлык акысы жөнүндө талашып-тартышууда

“Биз айлыкты салык төлөөчүлөрдүн акчасынан алып атабыз, андыктан парламент ачык болушу керек”, - деп Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди. Ал тийиштүү токтом долбоорун алып чыккан.

Анын айтымында, кечээ жакында эле депутаттардын айлык акысына жылына 6 млн сом кетет деген маалыматтар тарап кеткен. “Бизде парламенттик башкаруу болгондуктан, Жогорку Кеңеш ачык орган болушу керек. Ошондой эле ЖК кызматкерлеринин жана депутаттардын айлык акысы жөнүндөгү маалымат ачык жана коомго жеткиликтүү болуусу керек. Бул бир гана Жогорку Кеңешке гана эмес, өкмөт мүчөлөрүнө жана мамлекеттин үлүшү 50%дан көп болгон мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине да тиешелүү”, - дейт Тербишалиев.

КСДПнын башка мүчөсү Төрөбай Зулпукаров ЖМКда депутаттардын айлыгына жылына 6 млн сом кетет экен деп айтылганын чындыкка коошпойт деп белгиледи. “Чынында бир жылда биздин айлык-акыбызга 500 миң сомдон аз кетет. Конституциялык норма бар, ал жакта ар бир жаран айлык-акысы тууралуу сырды сактай алат деп жазылган”, - дейт ал.

Бирок, мындай позиция менен Тербишалиев макул болгон жок. “Биз мамлекеттик кызматкер болгондуктан коомдон жашырынып алып кандайдыр чечим менен мыйзам долбоорлорун кабыл ала албайбыз. Мамлекеттик кызматкер катары ачык жана жеткиликтүү болушубуз керек. Сиз айтып аткан нормалар чиновниктерге эмес, жеке уюмдарга тиешелүү”, - деди депутат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева эч качан депутаттын айлык-акысы тууралуу маалымат жабык болуп келбегенин белгиледи. “Ал дайым ачык жана жеткиликтүү болуп келген. 6 млн сом – бул туура эмес сумма жана жарандарды чаташтырууда. Андыктан бардык чыгымдар, депутаттардын айлык акысынын суммасын чыгарып, ана жарыялоо керек. Жарандардын кимдин кайда барып аткандыгы тууралуу маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек”, - деп билдирди Сасыкбаева.

Тербишалиев парламенттин финансылык ишмердиги канчалык ачык болгон сайын, коом тарабынан парламенттин дарегине карата аз сын айтылат деп баса белгиледи.

Эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов, эгер парламентти камсыз кылуу үчүн бир жылда 6 млн сом жумшала турган болсо, президенттин аппаратын кармап турууга – 1 млрд кете турганын айтты. “Биз бир гана айлык алабыз, ал эми калган каражат кайда кетип атканын билбейбиз. Мен бир жылдан бери парламенттин түзүмүн реформалоону сунуштап келем. Депутат өз алдынча каражатты жумшай алышы үчүн ар бир депутатты каржылоону өз-өзүнчө кылууну сунуштайм. Бардыгы бухгалтерия аркылуу болот. Анда иш башкармалыкка 70 кишинин жана гаражга 80 кызматкер кармоонун кажети жок болуп калат ”, - деп кошумчалады ал.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Тербишалиев тарабынан сунушталган токтомдун долбоорун колдошту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД