Курманбек Дыйканбаев өкмөттү чара көрбөгөндүгү үчүн күнөөлөдү

“Өкмөттүн күз-кыш убагына даярдыгы анын чара көрбөгөндүгүн көргөздү”, - деп “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 18-декабрда, “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиевдин маалымат жыйынында бардык кыйынчылыкты кыштын эрте келгендигине шылтаганы баарын таң калтырды. “Эшикте декабрдын ортосу болуп турат. Ал кантип ушундай билдирүү жасады? Андан кийин министрлер кабинетинин башчысы анын өкмөтү өздөрүнө үч айга эч нерсе пландабаганын айтты. Министрлер кабинети өзүнүн ар бир күнүн пландаш керек. Ошондой эле Сатыбалдиев өкмөт 56 миң гектардан ашык жерден буудай жыйналды деп өзүн мактады. Бул туура эмес. Чындыгында өкмөттөн бизге туура эмес статистиканы берүүдө. Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы кээ бир фермерлер эч кандай түшүм алган эмес”, - дейт Дыйканбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД