Вице-премьер: Депутат менен министрлердин балдары эми өкмөттө иштебейт

“Мамлекеттик аппараттагы депутаттардын балдарын жумуштан кетирүү – премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин саясый чечими”, - деп вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 18-декабрда, “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 6-сентябрында жаңы министрлер кабинети парламенттин бекитүү процедурасынан өтүп атканда депутаттар өздөрү өкмөттө “эл өкүлдөрүнүн абдан көп туугандары менен балдары бар” деген маселени көтөрүшкөн.

“Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын балдары премьер-министр тарабынан кызматынан алынды. Бул Жантөрө Сатыбалдиевдин саясый чечими”, - дейт Сарпашев.

Вице-премьер азыр өкмөттө премьер-министрдин, министрлер кабинетинин жана депутаттардын бир да тууганы жок”,- деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД