ИИМди эмгек мигранттарын криминалдан коргоого чакырды

“Азыр жергиликтүү уюшкан кылмыштуу топтор (УКТ) чет жакта эмгек мигранттарын тескеп аткан тенденция байкалууда”, - деп бүгүн, 18-декабрда, “Миграциялык саясат: эмгек мигранттардын укугун, кызыкчылыгын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо” аттуу конференцияда ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып атып Айгүл Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, КМШ алкагындагы көп тармактуу укуктук жардам жөнүндөгү макулдашуу иштейт жана ошонун негизинде бул маселени чечсе болот. “Бир ай бою жасалма патриоттордун кызды кордогону боюнча маселе көтөрүлдү. Мындай учурларга орун бербеш керек. Адам укугунун корголушу кайда? ИИМдин Орусияда атайын өкүлү бар. Бул багытта иштөө керек”, - деп белгиледи Рыскулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД