Өмүркулов “Тазалык” жөнүндө: Ушундай шартта иштегендерге “рахмат” айтуу керек

“Ушундай шартта иштеп, техника жетишпей аткан убакта аларга “рахмат” деш керек”, - деп бүгүн, 18-декабрда, Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишине нааразы болгон жарандардын дооматтарына түшүндүрмө берип атып билдирди. “Тазалык” ишканасы шаардык көчөлөрдү кардан жана муздан тазалоого жооп берет.

Шаар башчысы катуу сууктан жана тынымсыз жааган кардан улам шаарды толугу менен тазалоо мүмкүн болбой атканын билдирди.

“Кишилер жолго кум чачууну түнкү саат үчтөн башташат. Таң атканча иштешет, кайра эле кар жаайт. Кайтадан кум чачууга туура келүүдө”, - дейт ал.

Өмүркулов көчөлөрдөгү авариялык учурларды азайтуу үчүн айдоочулар машинасынын дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруусу керек деген ойдо. Ошондой эле жол кыймылы учурунда бир-бирине кичине жумшак болуп, эреже бузбаганга аракет кылса,- дейт шаар башчы.

“Тазалык” ишканасынын жумушчулары жолго кум чачуу үчүн күнүгө чыгышат. 3 саат ичинде алар жүздөй көчөгө кум чачканга үлгүрүшөт. Аларды дайыма сындагандын ордуна “рахмат” айтуу керек”, - деди Бишкек мэри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД