Садыр Жапаровдун кол тийбестиги боюнча чечим парламенттин жыйынында кабыл алынат

Депутаттык комиссия “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун иши тууралуу өзүнүн корутундусун чыгарды. Бул тууралуу комиссиянын өкүлү Нурбек Мурашев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, беш комиссия мүчөсүнүн үчөө кол койгон корутундуга ылайык парламент Жапаровдун кол тийбестигин алууга макулдук бербейт. “Бирок комиссиянын калган эки мүчөсү – КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламент Жапаровдун иши боюнча чечим кабыл алуу үчүн корутундуну пленардык жыйынга алып чыгууну сунуштоодо”, - деп билдирди ал. Корутунду палатынын кароосуна 20-декабрда коюлат.

Эске салсак, Башкы прокуратура “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровду Киев 74 дарегинде орун алган имаратты сатып алуудагы алдамчылык ишине тийиштиги бар деп билдирген. Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбековдун уулу Элдардын да аты аталат. Учурда Жапаров МУККнын убактылуу тергөө абагында. Ага карата “Элди күч колдонуп бийликти басып алууга” чакырык таштаган деген айып тагылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД