Премьер алтын кенин иштетүү боюнча конкурстун жобосуна кол койду

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 17-декабрда алтын кендерин иштетүү боюнча конкурс өткөрүүнүн беш жобосу жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу 18-декабрда отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет жыйынында экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, жер кендерин иштетүү боюнча мыйзамды ишке ашыруу үчүн беш долбоор иштелип чыккан: кен иштетүүнү лизензиялоо тартиби жөнүндө, кен иштетүүгө укук алуу боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө, кен иштетүү укугун алуу үчүн аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө, кен иштетүүгө жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө жана кармап туруу үчүн лицензиялык төлөмдөрдү төлөп туруу тартиби жөнүндө.

17-декабрда премьер-министр беш жобо жөнүндөгү өкмөттүн токтомуна кол койду. Документ жарыялангандан кийин 15 күн ичинде күчүнө кирет, деп билдирди Муканбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД