Бишкек жана анын чет жакасына саат 11де газ берилип баштайт

Бишкектин газ чарбасы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 19-декабрда, саат 11ге карата борбор калааны жана анын чет жакасындагы аймактарга газ берип баштайт. Бул тууралуу “Бишкекгаздын” директору Таалайбек Далбаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, алгач шаардын чет жакасындагы аймактарга газ берилип баштайт. Учурда Казакстан тараптан көгүлтүр отунду берүү көлөмү көбөйгөнү байкалууда. Газ түтүктөрүндөгү басым көбөйгөн.

Бир саатта канча көлөмдө газ келип атканын учурда тактала элек, бирок бир сааттан кийин бул тууралуу да маалымдалат.

Азыркы тапта Бишкектин жана анын чет жакасындагы газды бөлүштүрүүчү 297 шкафтын 114 шкафы иштебей турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД