Электр жарыгын жана газды өчүрүү боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылышууда

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков күз-кыш мезгилине даярдык чала болгондуктан Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү 19-декабрдагы жыйынында билдирди.

Ал газ менен электр энергиясын өчүрүүгө жол бербөө керек деди. “Азыркы өкмөт түзүлүп атканда алар газ менен жарык болот деп сөз беришкен жана алар жоопкерчилик тартыш керек. Кечээ премьер-министр кыш эрте келди деп айтты. Мындайды кантип айтууга болот? Басмасөз кызматы стенограмманы алып чыгып, өкмөт мүчөлөрү менен премьер-министрдин берген убадалар карап чыгуусун талап кылам”, - деди Исаков.

Бир катар депутаттар маалында Орусияда мазуттун алынып келинбегени боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. “Ошондой эле жыйынга Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келип кылмыш ишин козгоо мүмкүндүгүн карашын да талап кылам”, - деп кошумчалады Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД