Өкмөттөн кышка даярдыктын чала болгондугу жөнүндө отчет талап кылышты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында депутаттар өкмөт мүчөлөрү премьер-министр баш болуп күз-кыш мезгилине даярдыктын чала болуп калгандыгы боюнча отчет берүүсүн талап кылышты.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 100 күндүк иши тууралуу отчет бергенин белгиледи. “Бирок ал анын ордуна электр энергиясы жана газ боюнча көйгөйдү чечүү тууралуу коомго айтышы керек болчу. Эгер өкмөт эч нерсе айта албаса, анда биз мамлекеттик резиденцияда бардык шартта жашайбыз, эл болсо каалагандай жашасын деп айтышсын. Ошондой эле биз Жогорку Кеңешке премьерди, “Кыргызгаздын” жетекчисинен жана энергетика министринен маалымат угуу үчүн чакырышыбыз керек”, - деди ал.

Аны “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев колдоого алды. Ал Бишкек мэрин да кошо чыкырыш керек деген оюн билдирди. “Ал да өлкөдөгү тартыштыкка, өзгөчө борбор калаа боюнча жоопкерчилиги канчалык экени тууралуу айтсын”, - дейт ал.

“Ар-Намыс” фракциясынын башка депутаты Бөдөш Мамырова Курманбек Бакиевдин убагын эске салды. “Биз Бакиевдин элди тезек тергиле деп айтканына абдан күлгөнбүз. Бирок ал азыркы бийликтен айырмаланып элди даярдык көрүүгө чакырган. Биз аны шылдыңдадык”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД