Көпчүлүк коалицияны өкмөт үчүн элден кечирим суроого чакырышты

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Дастанбек Жумабеков күз-кыш мезгилине даярдыктын чала болгондугу үчүн көпчүлүк коалиция мүчлөрүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында айтты.

Ал кышындагы жылуулук берүү иштерин жөнгө сала албай аткан учурдагы өкмөт көпчүлүк коалиция тарабынан түзүлгөнүн белгиледи.

Аны менен КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев да макул болду. “Көпчүлүк коалициядагы фракция лидерлери элден кечирим сураш керек. Жылытуу сезонуна милдеттүү болгон кээ бир министрлерди жоопко тартуу керек”, - деди ал.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев андай болгон учурда элден кечиримди 100дөн ашык депутат, анын ичинде сунушталган өкмөттү колдогон оппозияилык депутаттар да сурашы керектигин белгиледи.

Эркин депутат Равшан Жээнбеков бир гана шаарда газ менен жарыктын жоктугун көтөрбөй айылдардагы абалды да көтөрүү керек деп белгиледи. “Өкмөт менен премьер отчет берип атканда жыйынды түз алып берүү үчүн КТРКны чакыруу керек”, - дейт ал.

Оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров аймактагы шайлоочулар менен жолугуу өткөрүүгө чакырды.

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев алар азыркы өкмөттүн курамын колдогону үчүн элден кечирим сурай турганын билдирди. “Биз кечирим сурайбыз. “Ата-Журт” фракциясы мындан ары мындай өкмөттү колдобогонго сөз берет”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД