Депутаттар премьер менен министрлерди отчет берүүгө чакырууну чечишти

Премьер-министр баштаган өкмөт күз-кыш мезгилиндеги каатчылык тууралуу депутаттардын алдында отчет беришет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында кабыл алынды.

Депутаттар элге газ менен электр энергиясынын берилбей атканына ачууланышты. Өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин жыйынына чакыруу сунушу көпчүлүк добуш менен колдоо тапты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД