Текебаев Бишкек үчүн газ сактоочу жай куруунун талап кылды

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев күз-кыш мезгилине чала даярдык көргөнү үчүн өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шалаакылык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча берене бар жана мыйзам чегинде аракет кылуу керек. “Бирок, мындай абал жыл сайын эле кайталанып атат. Менин Бишкекте газдын запасы барбы деген суроомо эч ким жооп бере албай атат. Ар бир шаардын газ сактаган жайы болуш керек. Бул маселени бир да өкмөт көтөргөн эмес жана көтөрбөйт дагы. Биз резервуарларды курууга милдеттүүбүз жана көгүлтүр отун жок дегенде 15 күнгө жете тургудай Бишкек үчүн газ сактоочу жай да курулушу керек”, - дейт Текебаев.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбей Турсунбеков өлкөдө болуп аткан кризис үчүн бардык күнөөнү азыркы өкмөткө оодара салуу туура эмес экенин белгиледи. “Өткөн жылы массалык өчүрүү болгон. Өткөн жылы деле эл жарык менен газ өчүрүлгөндүгүнөн митингге чыгышкан”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД