Кышка даярдыктын үзгүлтүккө учурашы энергосектордогу кара схемага байланыштуу

КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина кышка болгон даярдыктагы кризисти энергосектордогу коррупциялык схемага байланыштырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттар парламентте эки жылдан бери иштегенине карабастан “энергосектордогу коррупциялык схеманын алдын алуу боюнча эч нерсе жасашкан жок”. “Мурдагы бийлик тарабынан түзүлган бардык схемалар мурдагыдай эле иштеп атат. Энергетика тармагындагы акча мурдагыдай эле сол жакка кетүүдө. Ал эми мамлекеттин бюджетине эч нерсе түшкөн жок. Бул өз кезегинде тармакка каражат салуунун жоктугуна алып келүүдө”, - дейт ал. Скрипкина бир-бирин күнөөлөгөндөн көрө аталган көйгөйгө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Скрипкина менен оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров да макул болду. “Биз убагында Акаевге кошомот кылып, муну коррупция менен күрөшүү деп атаганбыз. Бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Бийлик жок дегенде азыркы коррупция менен күрөшпөсө, энергетикадагы баш аламандык боло берет”, - дейт ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков дагы энергетикадагы коррупциянын өсүп атканын айтты. “Ширшовдун схемасы деле уланып атат”, - деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД