Иса Өмүркулов: Өзүмө да “Тазалыктын” иши жакпай турат

“Өзүмө да “Тазалыктын” иши жакпай турат”, - деп Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 19-декабрда, билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү шаарда жаңы конуштардагы аты жок көчөлөрдү кошпогондо 938 көчө бар.

“Бүгүн кардын калың жаап атышынан улам жолдорду толук тазалоо мүмкүн болбой атат. Биз болгону жолдун үстүндөгү карды гана тазалып, анын астында муз калып калууда”, - дейт Өмүркулов.

Ал күн сайын 100гө жакын көчө тазаланып, кум төгүлүп атканын жана эки саатта шаарды толугу менен тазалоо мүмкүн эместигин кошумчалады.

“Атайын техника менен камсыз кылуу маселеси бар. Бизде болгону 18 гана машина бар. Биз тендер өткөрүүгө аракет кылдык, бирок ага катышууну каалагандар дээрлик жок. Лизингге алуу жагын караштырдык. Эң башкы көйгөй – каржылоо маселеси. Кредиттик карыз бүгүн 800 млн сомду түзөт”, - дейт шаар башчы.

Ал карыздын 80%ы – бул коргоого алынган беренелер жана негизги төлөмдөр экенин белгиледи. Андан сырткары шаардык салыкчылар 11 айдын жыйынтыгында 11 млн 650 миң сомду чогулта алган эмес. Жыл аягына чейин бул сумма көбөйүшү мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД