Премьер көңүл ачуу жайларында электр жарыгы өчүрүлгөнүн айтты

“Өлкөдө оор кырдаал түзүлдү”, - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү 19-декабрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү энергосектордогу абал “өлкөнүн бардык патриотторун ойлондуруусу керек”. “Абал өтө оор. Өткөн түнү системалык кайра өчүрүп күйгүзүү болду. Биз бир катар ишканалардын ишин токтотууга аргасыз болдук. Бүгүн абанын температурасы түнкүсүн -30га чейин төмөндөйт. Көңүл ачуу жайларында электр энергиясын өчүрүү боюнча иш алып баруудабыз”, - дейт Сатыбалдиев.

Ошону менен бирге ал өкмөт элди көмүр камдап алгыла деп алдын ала эскерткенин белгиледи. “Өкүнүчтүүсү, көмүр колдонушу керек болгон бир катар үйлөр уруксат берилбеген электр жабдыктары менен жылытууда. Энерго шакекчесине абдан күч келип атат. Биз чектөө киргизүүгө мажбурбуз. Алдыдагы беш күн катуу суук болот. Январь өткөн жылга салыштырмалуу бир нече градуска суук болот”, - деп кошумчалады Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД