Депутат: "Кыргызгаздын” башчысы Москвада эмне кылып жүрөт?

Оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров “Кыргызгаздын” башчысы президент менен биргеликте Москвага кеткенине ачуусу келди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Жогорку Кеңешке “Кыргызгаздын” да башчысы келиши керек болчу.

“Ал өлкөдө газ жок, оор абал болуп атса Москвада эмне кылып жүрөт? Биздин газ көйгөйүбүздү Москва чечпейт. Аны Өзбекстан менен Казакстан чечет”, - дейт Сабиров.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кулмурзаев Москвада газ маселесин чечип атканын белгиледи.

“Москвадагы саммитте газ маселесин кантип чечет?”,- деп таң калды Сабиров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД