Сатыбалдиев: Өкмөт “Кыргызгазды” бир долларга сатууга даяр

Бүгүн жана эртең Москвада “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев компаниянын 75% акциясын сатуу жана өз ара газ жеткирүү маселеси боюнча “Газпром” ААКынын жетекчилери менен сүйлөшөт. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, пленардык жыйынында билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Мурадил Мадеминов “Кыргызгазды” “Газпромго” бир долларга болсо да сатуу керек деп талап койду. Бирок бир шарт менен: алар газ куурларын жаңылап жана калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуусу керек.

Сатыбалдиев кийин да мындай көйгөйлөр жаралбашы үчүн өкмөт “Кыргызгазды” бир долларга да сатууга даяр экенин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД