Сууктан улам окуучулардын каникулу узарды

“Катуу сууктан улам мектеп окуучуларынын каникулу пландалгандан бир жума мурун башталат. Каникул 24-декабрдан 12-январга чейин болот”,- деп Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат-катчысы Керез Жукеева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борбордон билдиргендей мектептерде тез жайылуучу оорулар дароо көбөйгөн. Бул каникулду эрте баштоого түрткү болду. Бул күндөр жазгы каникулдун эсебинен толукталат.

“Биз болгону эки гана күндү жоготуп атабыз. Өзгөрүү окуу программасына таасир бербейт жана эч кандай үзгүлтүккө учуроо болбойт”, - дейт Жукеева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД