Премьер-министр газ кризиси боюнча Казакстанды күнөөлөбөөнү суранды

“Республика” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, пленардык жыйынында премьер-министрден кандай себептен улам коңшу мамлекет газ жеткирүү боюнча макулдашууну аткарбай атканына кызыкты.

Өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев газ көйгөйүнө Казакстанды күнөөлөбөөгө чакырды. Ал коңшу мамлекет менен газ жеткирүү боюнча макулдашуу жоктугун түшүндүрдү. “КР өкмөтү көгүлтүр отунду Өзбекстандан Кыргызстанга “КазТрансГаз” компаниясы аркылуу Казакстандан алып өтүү боюнча макулдашуусу бар. Бирок Казакстан Республикасы менен андай келишим жок. Андыктан бүтүндөй Казакстанды күнөөлөө туура эмес”, - дейт премьер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД